Өкмөт: Кытайдан 500, Түркиядан 50 кислороддук концентратор алынууда

Автор -

Кытайдан 500 даана жана Түркиядан 50 даана кислороддук концентратор алынып жатат. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка караганда, Түркиядан өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппараттан да элүүсү келет.

«Бул илдет биринчи жолу болуп жаткандыктан, биз алгач короноавируска каршы даярдыктарды көрө баштадык, азыркы мезгилде өпкө пневмониясы күч алып жатат. Ошондуктан өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппараты эмес, кислороддук концентраторго муктаждык күчөй баштады. Бул маселени да чечтик», — деп билдирди премьер-министр Кубатбек Боронов.

Анын айтымында, учурда саламаттык сактоо мекемелеринде жалпысынан: 572 ИВЛ аппарат, 610 кычкылтек концентраты бар.

Гуманитардык жардам катары 23 ИВЛ аппарат, 52 кычкылтек концентраты, 30 БИПАП аппараты,  5 СИПАП аппараты алынды.

Донорлордун каражаттарынын эсебинен 63 ИВЛ аппараты жана 111 кычкылтек концентраты сатылып алынат.

«Өкмөт тарабынан дагы кошумча 50 млн сом бөлүндү. Бул каражатка керектелүүчү медициналык каражаттар сатылып алынат», — деп билдирди Боронов.

Бөлүшүү