Кыргызстанда пневмониядан бир суткада 17 киши көз жумду

Автор -
201

Өлкөдө бир суткада пневмониядан 17 киши каза болгонун Республикалык штаб кабарлады.

Ага ылайык, соңку суткада 206 киши ооруканага түшүп, ушул тапта 1 247 бейтап  өпкөсү сезгенип дарыланып жатат. Анын ичинен 112си жандандыруу бөлүмүндө, оор абалдагылардын саны 337 болду. Каза болгондор бүгүнкү статистика менен жалпы 97ге жетти.

Март айынан бери жалпысынан пневмонияга 1 971 киши кабылып, анын ичинен 627 адам сакайып чыккан.

Республикалык штаб өпкөсү сезгенгендердин коронавируска тапшырган анализдери таза чыкканын белгиледи.

 

Бөлүшүү