Жаңы антирекорд! Өлкөдө коронавирустун 526 жаңы учуру катталды

Автор -
309

2020-жылдын 2-июлуна карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 526 учуру катталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин бүгүнкү брифингинде белгилүү болду.

Бишкек ш. – 211
Чүй облусу — 231
Ош ш. — 19
Ош облусу — 6
Нарын облусу — 3
Жалал-Абад облусу — 27
Талас облусу — 1
Баткен облусу — 18
Ысык-Көл облусу — 10

Республика боюнча коронавирус жуктургандардын саны — 6261. Илдеттен айыгып чыккандар — 2530.

Бөлүшүү