Өткөн суткада COVID-19 инфекциясынан төртөө каза болду. Эң жашы 56да болгон

Автор -

Өткөн сутка ичинде 4 бейтап COVID-19 инфекциясынан каза болду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин брифинги учурунда белгилүү болду.

Маалыматка караганда, алардын бири Бишкек шаарындагы Кыргыз-Түрк достук ооруканасында каза болгон. Бейтап 71 жаштагы эркек киши болгону айтылат.

Ал эми экинчиси − 70 жаштагы эркек киши− Ноокат аймактык ооруканасынан көз жумган.

Кочкор аймактык ооруканасынан 69 жаштагы аял киши, 56 жаштагы эркек киши каза тапкан).

Ошону менен коронавирустан каза тапкандардын жалпы саны 66 кишиге жетти.

Бөлүшүү