Сутка ичинде пневмониядан 23 бейтап каза болду

Автор -

Өлкөдө пневмония менен жабыркап жаткан (COVID-19 тастыкталбаган) стационардагы бейтаптардын саны бүгүнкү күнгө карата 1 миң 724 болду. Маалыматты республикалык штабдан кабарлашты.

Дарыланып жаткандардын ичинен жандандыруу бөлүмүндө – 112, оор абалдагылар — 337 адам.

Ал эми акыркы бир сутка ичинде пневмониядан 23 бейтап каза болуп, жалпы саны 120га жетти.

Республика боюнча 2 миң 508 адам пневмония менен жабыркап, алардын ичинен 664ү айыккан.

Ал эми коронавирустан республика аймагы боюнча 76 адам кайтыш болду.

Бөлүшүү