Парламенттик шайлоо 4-октябрга дайындалды

Автор -

Президент Сооронбай Жээнбеков «Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө» жарлыкка кол койду. Жарлыкка ылайык, парламенттин VII чакырылышына депутаттарды шайлоо 4-октябрга дайындалды.

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына (Боршайком) шайлоону өлкө мыйзамдарына ылайык уюштуруу тапшырмасы берилди.

Өкмөткө шайлоону өткөрүү үчүн зарыл болгон финансы каражаттарын Боршайком бекиткен чыгымдардын сметасына ылайык бөлүп берүү жагы тапшырылды.

Башкы прокуратура шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө Конституциянын жана өлкө мыйзамдарынын сакталышын камсыз кылууга милдеттүү болот.

Жергиликтүү бийлик жетекчилерине шайлоого даярдык көрүүдө жана өткөрүүдө шайлоочулардын тизмелерин түзүү, тактоо, уюштуруучулук-техникалык маселелерди чечүү боюнча тиешелүү органдардын жана шайлоо комиссияларынын ишине көмөк көрсөтүү боюнча тапшырма берилди.

Боршайком парламенттик шайлоого даярдык көрүүнүн жана өткөрүүнүн графигин былтыр 17-октябрда жарыялап, бул иш-чара 4-октябрда өтөрүн билдирген. Шайлоону уюштурууга жана өткөрүүгө 560 миллион сом талап кылынат.

Бөлүшүү