Коронавирус дагы 4 адамдын өмүрүн алып кетти

Автор -

Өткөн сутка ичинде 4 бейтап COVID-19 инфекциясынан каза болду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, алардын бири, 73 жаштагы эркек киши, Бишкектеги Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканасында каза тапкан.

Калгандары:
Ош шаардык клиникалык ооруканасынан – 1 бейтап (эркек, 53 жашта);
Токмок аймактык ооруканасынан – 1 бейтап (эркек, 86 жашта);
Ысык-Ата аймактык ооруканасынан – 1 бейтап (эркек, 41 жашта).

Өлкөдө коронавирус инфекциясынан каза болгондордун саны 92 кишини түздү.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү