Өкмөт Кытайдан медаппарат сатып алууга 50 млн сом бөлдү

Автор -

Өкмөт кислороддук концентраторлорду жана пульсоксиметрлерди сатып алуу үчүн 50 млн сом бөлдү. Тиешелүү чечимге премьер-министр Кубатбек Боронов кол койду, деп билдиришти өкмөттүн басма сөз кызматынан.

Бул чечим Кыргыз Республикасынын аймагында коронавирустук инфекциянын андан ары жайылышына жол бербөө жана анын кесепеттерин жоюу боюнча ыкчам чараларды көрүү максатында кабыл алынды.

Чечимге ылайык, 50 млн сом Кытай Эл Республикасынан кислороддук концентраторлорду жана пульсоксиметрлерди сатып алуу жана аларды Кыргыз Республикасына жеткирүү үчүн бөлүндү.

Бөлүшүү