Мурдагы саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев суракка чакыртылды

Автор -
248

Мурдагы саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев Финпол тарабынан жүргүзүлүп жаткан иликтөөнүн алкагында суракка чакыртылды. Бул тууралуу Финполдун басма сөз кызматынан билдиришти.

«Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы тарабынан Саламаттыкты сактоо министрлигиндеги айрым кызмат ээлеринин кээ бир фармацевтикалык компаниялардын кызыкчылыгын көздөп, коррупциялык иштерге баруу фактысы аныкталды. Суракка мурдагы саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев чакыртылды. Учурда аталган факты боюнча иш иликтенүүдө», — деп айтылат маалыматта.

Бөлүшүү