Депутат Чыныбай Турсунбеков пневмониядан көз жумду

Автор -
260
Сүрөт: kenesh.kg

Бүгүн, 6-июлда, Улуттук госпиталдын жандандыруу бөлүмүндө экс-спикер жана депутат Чыныбай Турсунбеков эки тараптуу пневмониядан каза тапты.  Бул туурасында Kaktus.media жазды.

Буга чейин ЖМКларда Турсунбеков өпкөсү сезгенип, бир нече күндөн бери жасалма аппарат менен дем алып жатканы маалымдалган.

Чыныбай Акунович Турсунбеков 1960-жылы 15-октябрда Нарын облусунун Нарын районунун Жан-Булак айылында төрөлгөн. Артында жубайы жана 3 баласы калды.

Бөлүшүү