Оренбургдан 963 кыргыз жараны кайтып келди

Автор -

Кыргызстан менен Казакстандын тышкы саясый ведомстволору ортосунда РФ Оренбург облусунун Соль-Илецк шаарында жайгашкан Кыргызстандын жарандарын ташып чыгуу үчүн Казакстандын аймагы боюнча транзиттик коридорду берүү жөнүндө жетишилген сүйлөшүүлөр ишке ашты.

6-июлда 20 автобус менен биринчи партияда 963 КР жарандары Кыргызстанга келди. Ал эми 12 автобус менен 533 адамдан турган колоннанын экинчи партиясы кыргыз-казак чек арасына Казакстандын жол полиция кызматынын коштоосу менен келе жатат.

КР ТИМ РФтин аймагындагы КР жарандарына россия-казакстан мамлекеттик чек араларынын ачылышына чейин ал тарапка каттабай турууларын өтүнөт.

Аталган иш-чара КР Президентинин жана Өкмөтүнүн чет мамлекеттердеги КР жарандарын кайтарып келүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштеринин чегинде жүрүүдө.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү