Алмамбет Шыкмаматовдун жубайы пневмониядан кайтыш болду

Автор -

Экс-депутат Алмамбет Шыкмаматовдун жубайы Жанара Турдакунова бүгүн, 6-июлда, пневмониядан кайтыш болгонун саясатчынын жакын санаалаштарына таянып, Super.kg. жазып чыкты.

Ал акыркы күндөрү Улуттук госпиталдын кайра жандандыруу бөлүмүндө дарыланып жаткан.

Пневмониядан дарыланып жаткан КТРКнын мурдагы директору Илим Карыпбеков социалдык тармактагы баракчасы аркылуу «Кандайдыр бир тукум курут болуп жатат. Көптөгөн жакындарыбыз кайтыш болуп жатат, көптөгөн тааныштар үйдө же реанимацияда оор абалда жатат. Азыр эле Алмамбет Насыркановичтин жубайы каза болду. Төрт баласы калды» деп жазды.

SAAT.KG порталы Жанара Турдакунованын көз жумгандыгына байланыштуу жакындарына жана үй-бүлөсүнө көңүл айтат.

 

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү