Сутка ичинде 50 медкызматкер вирус жуктуруп, бешөө айыкты

Автор -

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 50 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

• Бишкек ш. – 23
• Чүй облусунда – 4
• Ош ш. – 7
• Ош облусунда – 4
• Нарын облусунда – 6
• Баткен облусунда – 1
• Ысык-Көл облусунда – 5.
Ал эми бир суткада 3 медициналык кызматкер ооруканалардан айыгып чыкты.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 1147 учур катталды, алардын ичинен 503 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү