Бир сутка ичинде пневмониядан 18 бейтап каза болду

Автор -

Бир сутка ичинде пневмониядан 18 бейтап каза болду. Бул туурасында саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев бүгүн, 6-июлда, брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, каза тапкандардын сегизи республиканын ар кайсы аймактарынан болсо, ону Бишкек шаарынын тургундары.

«Бүгүнкү күндө Бишкек шаары боюнча пневмония – өпкөнүн сезгениши менен жабыркаган бейтаптар үчүн 2062 койко-орун даярдалып, анын ичинде 62 палата интенсивдүү терапия. Ал эми, «Ганси» обсерваторунда орточо оор абалдагы бейтаптарды жаткырабыз. Ал үчүн 600 койко-орун даярдалып, бүгүн 112 суюк кычкылтек жеткирүү аппараттарын орнотуп жатабыз», — деди Мадамин Каратаев.

Ал ошондой эле көпчүлүк бейтаптар реанимациялык блогу жана шарттары бар «Ганси» базасындагы стационарга барууну каалабай жатышканын билдирди.

Эскерте кетсек, март айынан бери өпкөнүн сезгенүүсүнөн жалпы 195 адам каза болду.

Бөлүшүү