Кошунанын унаасын айдай качкан жигит 5 унаа менен сүзүшкөн

Автор -

Чүйдө кошунанын унаасын айдап качкан жаран беш унааны сүзүп, андан соң кармалды. Бул тууралуу облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя 3-июль күнү болгон. Анда Александровка айылынын тургуну кызматкерлерге кайрылып, уулу коңшунун Ford Transit үлгүсүндөгү унаасын сурабай айдап, Бишкекти көздөй чыгып кеткенин айткан. Ошондой эле ал киши уулунун айдоочулук күбөлүгү жок экенин жана психикалык жактан ооруй турганын билдирген.

«Унаанын артынан инспекторлор кууп жөнөгөн. Ал эми унааны айдаган бала мал базардын жанынан бир унаа менен сүзүшкөн. Бирок ал токтобой кете берген. Ошондой эле постто нөөмөттө турган кызматкерлерди унаа сүзүп кете жаздап, токтобостон өтүп кеткен. Айдоочу шаарга келип, Гагарин көчөсүнөн эки унаа менен сүзүшкөн. Андан соң Асаналиев көчөсүнөн дагы бир Toyota Camry менен сүзүшүп, анан кармалган. Жыйынтыгында беш унаа жабыркаган. Анын бири инспектордун унаасы. Айдоочу кармалып, учурда териштирүү иштери жүрүп жатат», — деп билдиришет басма сөз кызматынан.

 

Бөлүшүү