Чүйдө таңдагы жол кырсыгынан жаш жигит каза тапты

Автор -
217

Чүй облусунда бүгүн таңда болгон жол кырсыгынан бир адам каза таап, үчөө жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсык Ысык-Ата районунун Дмитриевка айылында 2020-жылдын 7-июль күнү саат 07:00 чамасында орун алган. Аталган айылдын Ленин көчөсүндө ВАЗ-2107 жана Mercedes-Sprinter унаалары кагышып, кырсыктын кесепетинен 23 жаштагы бир жигит каза болуп, 3 адам жабыркаган (аты жөндөрү такталууда).

Жерине КР ӨКМнин №27 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары барып, каза болгон адамдын жансыз денесин унаадан чыгарып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Ал эми жабыркагандар медицина кызматынын унаасы менен ооруканага жеткирилген.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү