СOVID-19 инфекциясынын жаңы 361 учуру катталды. Көбү- Бишкекте

Автор -

2020-жылдын 9-июлуна карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 361 учуру катталды. Бул тууралуу Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Бишкек ш. – 150
Чүй облусу — 59
Ош ш. — 43
Ош облусу — 28
Жалал-Абад облусу — 25
Баткен облусу — 20
Ысык-Көл облусу — 17
Нарын облусу — 18
Талас облусу — 1

Республика боюнча илдет жугузгандардын саны 8 847 адамга жетти. Жалпы 3053 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды. Каза болгондордун саны 116 киши, март айынан бери пневмониядан каза болгондордун саны – 310 адам.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү