Өткөн суткада коронавирустан 4, пневмониядан 42 бейтап каза болду

Автор -

Өткөн сутка ичинде коронавирус инфекциясынан 4 бейтап, пневмониядан 42 бейтап каза болду. Бул тууралуу Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Коронавирустан каза болгондордун бири Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканасында дарыланып жаткан. Ал — 77 жаштагы эркек киши.

Дагы эки бейтап — Жайыл аймактык ооруканасынан, бирөө — 62 жаштагы аял киши, экинчиси — 55 жаштагы эркек киши.  Төртүнчүсү Кызыл-Кыя аймактык ооруканасында дарыланып жаткан 68 жаштагы эркек киши.

Ал эми пневмониядан каза болгондордун жыйырма бири республиканын башка аймактарында болсо, Бишкекте 21 адам каза болгон.

Март айынан бери пневмониядан каза болгондордун саны – 310 адам, ал эми коронавирустан каза болгондордун саны 116 кишини түздү.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү