Кечээ, 12- июлда, өлкөдөгү азыркы кырдаалга байланыштуу Москвадан 45 дарыгер жана медкызматкер учуп келген. Соцтармакта аларды эч ким тосуп албай койгону тууралуу маалымат жарыяланып, талкуу жараткан. Бул окуя боюнча өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн түшүндүрмө беришти.
«Медицина кызматкерлерин тосуп алууга байланыштуу бардык уюштуруу иштерин Саламаттыкты сактоо министрлиги жүргүзүп келген.
Дарыгерлерди вице-премьер-министр Акрам Мадумаров тосуп алышы керек болчу деп массалык маалымат каражаттарына жарыяланган билдирүү чындыкка дал келбейт.
Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, мекеме жетекчилиги объективдүү себептерге байланыштуу аларды аэропорттон тосуп алууга бара албай калган. Бирок андан кийин министрликтин жетекчилиги келген медицина кызматкерлери менен жолугушту», — деп жазылган билдирүүдө.