Кыргызстанда сутка ичинде 5 медицина кызматкери каза тапты

Автор -

Кыргызстанда сутка ичинде 5 медицина кызматкери каза тапты. Бул тууралуу бүгүн, 13-июлда, Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

«Алардын төртөө дарыгер, бирөө медициналык кызматкер болгон», — деди ал.

Айтымында, медкызматкерлер «күнү-түнү иштеп жаткандыктан», арасында коронавирус илдетин жугузуп алгандар көбөйүүдө.

Кыргызстанда март айынан бери 11 117  адам коронавируска чалдыкса, алардын ичинде 1 781и медицина кызматкерлери.

Бөлүшүү