«Манас» аэропортунда аткаминерлер үчүн чартердик каттамдар уюшулуп жатабы?

Автор -

Социалдык тармактарда тарап жаткан «Манас» эл аралык аэропортунда аткаминерлер үчүн чартердик каттамдар уюшулуп жатканы тууралуу маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу аэропорттун басма сөз кызматынан билдиришти.

Мекеменин маалыматына караганда, дүйнө жүзүндө эпидемиологиялык кырдаалдын начарлашынан улам жана башка өлкөлөр менен аба байланышына тийиштүү чектөөлөрдү киргизүү мөөнөтүндө «МЭА» аэропортторуна мезгил-мезгили менен буйрутмалык чартердик санитардык каттамдар аткарылууда. Бул каттамдар жүргүнчүлөрдүн билдирмеси менен медициналык эвакуациялоо максатында, ошондой эле камсыздандыруу учурларында аткарылат.

«Аталган каттамдар менен чет элдик дипломатиялык кызматтардын өкүлдөрү жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү, эл аралык уюмдардын кызматкерлери, чет элдик жарандар пайдаланат. Кыргызстандын жарандары мындай каттамдар менен учкан эмес. Ошондой эле «МЭА» ААК аэропорттору аркылуу дүйнөдө учуулардын чектелишинен улам өздөрүнүн өлкөлөрүнө учуп кете албай жаткан чет элдик жарандарды эвакуациялоо үчүн чартердик каттамдар аткарылып жатат», — деп айтылат маалыматта.

«Манас» эл аралык аэропортунун жетекчилиги жарандардан жалган маалымат таратпоону суранат.

Эске салсак, кечээ социалдык тармакта саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов менен анын орун басары атайын уюштурулган каттам менен дарылануу үчүн өлкөдөн чыгып кетти деген маалымат тараган. Бүгүн, 13-июлда, Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифинг маалында саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов менен анын орун басары Нурболот Үсөнбаев Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасында дарыланып жатышканын билдирген.

Бөлүшүү