Бир сутка ичинде коронавирустан дарыланып жаткан бейтаптардын он беши каза болду. Бул тууралуу Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова бүгүнкү брифингде билдирди.
Алар:
— Кыргыз-Түрк достук ооруканасынан – 4 (эркектер — 56, 56, 46 жашта жана 60 жаштагы аял киши);
— Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканасынан – 2 (70 жана 71 жаштагы аял киши);
— Ак-Талаа аймактык ооруканасынан – 1 (61 жаштагы эркек киши);
— Ат-Башы аймактык ооруканасынан – 1 (55 жаштагы аял киши);
— Жайыл аймактык ооруканасынан – 5 (69, 67 жаштагы эркек киши жана 83, 50, 61 жаштагы аял киши);
— Кадамжай аймактык ооруканасынан – 1 (77 жаштагы эркек киши);
— Лейлек аймактык ооруканасынан – 1 (75 жаштагы эркек киши).
Бир сутка ичинде пневмониядан 29 бейтап каза болду. Алардын ичинен 13 адам республика боюнча жана Бишкекте 16 адам.
Март айынан бери өпкөсү сезгенип каза болгондордун саны – 452 адам.