ИВЛ, кычкылтек концентраторлору, тесттер. Түркиядан гуманитардык жардам келди

Автор -

Түркия мамлекети Кыргызстанга гуманитардык жардам жөнөттү. Медициналык аппараттар жана каражаттар жүктөлгөн «Turkish airlines» авиакомпаниясынын учагы «Манас» аэропортуна бүгүн, саат 11.00дө конду, деп билдиришти Республикалык штабдан.

Коронавируска каршы күрөшүү үчүн гуманитардык жардам төмөнкү медициналык жабдуулардан турат:

  • 20 өпкөнү жасалма дем алдыруу (ИВЛ) аппараттары;
  • 50 кычкылтек концентратору;
  • 20 миң ПЦР-тест комплекти;
  • 20 миң вирусту аныктай турган реагенттердин топтому;
  • 50 миң N95 коргоочу беткаптары;
  • 100 миң хирургиялык беткаптар;
  • 35 миң коргоочу костюмдар;
  • 2 миң коргоочу беткаптар – козыректор;
  • 10 миң гидроксихлорохин дарысынын таңгагы.

Эскерте кетсек, 2020-жылдын 11-12-февралында Түркия КР Саламаттык сактоо министрлигине гранттык негизде 200 таңгак тест-системаларын, 5 миң бир жолу колдонуучу беткап, 200 коргоочу костюм, 100 коргоочу фильтри менен беткаптарды жана 12 коргоочу көз айнек тапшырган.

Бөлүшүү