Бишкекте  жаш жигитти тепловоз сүзүп кетти

Автор -

Бишкекте  жаш жигитти тепловоз сүзүп кетти. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя бүгүн саат 09:00 чамасында Мухтар Ауэзов көчөсүндөгү темир жолдо болгон.

«Күбөлөрдүн айтымында, тепловоздун айдоочусу ага бир нече жолу сигнал берген, бирок ал уккан эмес. Азыр жабырлануучунун аты-жөнү аныкталууда. Белгилүү болгондой, ал болжол менен 20-25 жашта. Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун жандандыруу бөлүмүндө жаткырылган» — деп билдирет басма сөз кызматынан.

Бөлүшүү