Сутка ичинде коронавирус инфекциясынан 6 бейтап каза болду. Бул тууралуу Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифинг маалында билдирди.
Кыргыз-Түрк ооруканасынан -1 бейтап, Аксы аймактык ооруканасынан 1 бейтап, Жайыл аймактык ооруканасынан 1 бейтап, Лейлек аймактык ооруканасынан 1 бейтап, Токтогул аймактык ооруканасынан 1 бейтап каза тапты.
«Ош облустар аралык ооруканасынан бир медицина кызматкери − 65 жаштагы биздин кесиптешибиз Жарматова Темиркан Досатовна каза болду. Ал Ош облустар аралык ооруканасынын башкы дарыгеринин орун басары болуп эмгектенип келген. Темиркан Досатована КР эмгек сиңирген дарыгери болчу. Саламаттыкты сактоо министрлигинин атынан үй-бүлөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айтабыз», -деди Айнура Акматова.