Быйыл Курман айт 31-июлда белгиленет. Кандай эрежелерди сактоо керек

Автор -
331

2020-жылдагы Курман айт майрамы 31-июлда белгиленет. Бул тууралуу Кыргызстан Мусулмандар дин башкармалыгынын маалымат кызматынан билдиришти.

«22-июль Зул Хижжа айынын биринчи күнү болгондуктан 30-июль арапа күнү, 31-июль Курман айт майрамы», -деп айтылат маалыматта.

Шарият боюнча колунда бар бай эркек да, аял да курмандык чалууга милдеттүү.
Курмандык зул-хижжа айынын онунчу, он биринчи жана он экинчи күндөрү айт намазынан кийин чалынат. Курмандыкты Курман айтка чейин алып даярдануу сооптуу иш. Биринчи күнү чалынганы артыгыраак. Түндөсү курмандык чалууга болбойт.

Курмандыкка чалынуучу мал
Курмандыкка бодо малдар, тактап айтканда төө, уй жана койлор жарайт. Жапайы кийик, аркар-кулжа жана элик сыяктуулар курмандыкка жарабайт. Ошондой эле жылкы да курмандыкка чалынбайт. Уйлардын катарына топоз, койлордун катарына эчки кирет. Төөнүн жашы төрткө толуп бешке кетиш керек. Уйлар эки жаштан ашыш керек. Ал эми койдун козусу жана эчкинин улагы алты айдан ашкан чоң болушу зарыл. Курмандыкка чалынчу мал бүтүн болушу зарыл. Тактап айтканда көр, чалыр, аксак, оорукчан, өтө арык, кулагы жана куйругу таптакыр кесилгендер курмандыкка жарабайт. Ал эми кулагы же куйругу бир аз кесилген жана бычылган мал курмандыкка жарайт.

Курмандык канча адамдын атынан чалынат?
Кой менен эчкинин курмандыгы жалгыз адамдын атынан болот. Ал эми төө менен уйду жети адам биригип курмандык чалса болот. Жети адамдан ашса болбойт.
Курмандыкка союлган малдын этинин бардыгын садака кылып берсе болот. Ошондой эле бардыгын алып калса да болот. Бирок эң жакшысы үчтөн бирин садака кылып, дагы бир үчтөн бирин туугандарына жана досторуна коноктогону алып, калган үчтөн бирин өзүнө сактап койсо болот. Курмандыктын терисин, этин, жүнүн, баш шыйрактарын сатканга болбойт. Ошондой эле кошумчалап эскертип кетчү нерсе, касапчынын акысы курмандыктан берилбейт.