Мамлекеттик чек ара кызматынын офицери Талгат Аланов каза болду

Автор -

Мамлекеттик чек ара кызматы коррупциялык иштер жөнүндө ачык айтып чыгып таанымал болгон офицер Талгат Алановду жүрөгү токтоп каза болгонун билдирди.

«Чек ара кызматы оор жоготууга учурады — арабыздан эки аскер кызматкерибиздин каза болгондугун терең кайгыруу менен билдиребиз. Полковник Көкчө Жакыпбеков пневмониядан каза болуп, экинчи офицерибиз подполковник Талгат Аланов кезектеги өргүүдө жүргөн жеринен алдын ала алынган маалыматтар боюнча жүрөгү токтоп каза болду», — деп жазылган маалыматта.

Мекеме каза болгон кызматкерлердин үй-бүлөлөрүнө көңүл айтуу менен ар тараптуу колдоо көрсөтүлөөрүн жазган.

Ош облусу боюнча башкармалыгынын улук офицери Талгат Алановдун жакындары 21-июлда 38 жаш курагында мезгилсиз дүйнөдөн кайтканын билдиришкен. Анын артында алты баласы калды.

Аланов 2019-жылдын 27-ноябрында басма сөз жыйынын өткөрүп, журналисттерге өзү иштеген мекемедеги мыйзамсыз иштер тууралуу ачык айтып чыккан. Офицердин билдирүүсү коомчулукта кызуу талкууланып, Коопсуздук кеңешинин көзөмөлүнө алынган.

Чек ара кызматынын Ош облусу боюнча башкармалыгынын штаб башчысы Адылбек Сейдалиев Алановдун сөздөрүн четке каккан.