Кыргызстандын Малайзиядагы, Түштүк Кореядагы мурдагы элчиси Кылычбек Султан Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке күбө катары суракка чакырылды. Бул тууралуу ал соцтармактагы баракчасына жазып чыкты.
«Чакырууда күбө катары деп турат. Акыркы убакта «Фейсбук» баракчамда бийликтин шалаакылыгы, адам өмүрүн сактап калуудагы аракетинин начардыгы тууралуу жазгандарым үчүн чакырды окшойт», — деп билдирген мурунку элчи өзү«Азаттыкка».
Кылычбек Султан атайын кызматка 23-июлда жактоочусу менен саат 11де бараарын кошумчалаган.
Кылычбек Султан 2018-жылдын декабрында Түштүк Кореяда элчи болуп турган кезинде элчиликтерде коррупциялык иштер бар экенин жарыялаган. Ал терс көрүнүштөр тууралуу Тышкы иштер министрлигине, УКМКга, президенттик аппаратка жазган каттарына жооп болбогондуктан, президентке ачык кайрылганын айткан. Ошондон кийин Султанов, мурдагы тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев кызматтан алынган