Бир сутка ичинде өлкө боюнча 53 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин бүгүнкү брифингинде белгилүү болду.
• Бишкек ш. – 9
• Чүй облусунда – 5
• Ош ш. – 8
• Ош облусунда – 16
• Жалал-Абад облусунда – 1
• Баткен облусунда – 11
• Ысык-Көл облусунда – 2
• Талас облусунда – 1
Ал эми бир суткада 12 медициналык кызматкер ооруканалардан айыгып чыгарылды. Мындан сырткары үй карантининен 48 медициналык кызматкер айыгып чыгарылды.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 2633 учур катталды, алардын ичинен 1305 медкызматкер айыкты.