Абитуриенттер документтеринин түп нускасын окуу жылы башталганда тапшырат

Автор -
249

Быйыл жогорку окуу жайларга кабыл алуу аралыктан жүрүп жаткандыктан, абитуриенттер документтеринин түп нускасын окуу жылы башталганда тапшырат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка караганда, онлайн кабыл алууга сунушталган абитуриенттер тигил же бул окуу жайда билим ала турганын тастыкташы үчүн документтердин көчүрмөсүн гана тиркейт.

«Мындай эреже Кыргыз-Түрк «Манас» жана Кыргыз-Орус Славян университеттери үчүн милдеттүү эмес. Бул окуу жайлардагы гранттык орундарды Түркиянын жана Орусиянын өкмөттөрү каржылайт жана кабыл алуу шарттарын өз алдынча аныкташат», -дешет министрликтен.

Кошумча сынак талап кылган адистиктер (маданият, искусство, дене тарбия, дизайн) боюнча кирүү экзамендери адаттагыдай шартта уюштурулат. Билим берүү жана илим министрлигинин буйругуна ылайык, менчигинин түрүнө карабастан, кошумча сынак өткөргөн окуу жайлар тиешелүү санитардык-гигиеналык нормаларды жана социалдык аралыкты сактоо чараларын милдеттүү түрдө камсыздап бериши зарыл.

Бөлүшүү