Чолпон-Ата ооруканасынын бөлүм башчысы Сарбагыш Иманалиев каза тапты

Автор -
676

Бишкекте Чолпон-Ата шаардык ооруканасынын реанимация бөлүмүнүн башчысы Сарбагыш Иманалиев каза тапты. Бул туууралуу Кыргыз медициналык ассоциациясынан билдиришти, деп жазат 24.kg.

Маалыматка караганда, дарыгер пневмониядан каза тапкан. «Ал өз ишинин мыктысы болчу, көп адамдын өмүрүн сактап калган эле», — деп эскеришкен ассоциациядан.

Сарбагыш Иманалиевдин уулу Төлөгөн Иманалиев кечээ «Азаттык» радиосуна атасын оор абалда Бишкектеги жугуштуу оорулар ооруканасына алып келишкенин, ошондо да элди ойлоп кейигенин айтып берген.

«Атам Чолпон-Атада жалгыз реаниматолог. Бейтаптарга кыйын болду. Төрөй турган аялдар келсе, аларга ким наркоз берип, абалына ким көз салат? Жайында жол кырсыктары көп катталат. Оор жаракат алгандарга да реаниматологдун жардамы өтө керек. Жолдо баратканда атам «Эми эл эмне болот, мен кетип калсам алар эмне болот?» деп кейип жатты», — деген уулу.

Сарбагыш Иманалиев бүгүн эртең менен 59 жаш курагында каза болгон.

Saat.kg маркумдун жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү