Акылбек Осмоналиев жаңы кызматка дайындалды

Автор -

Акылбек Осмоналиев Өкмөттүн Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу Өкмөт аппаратынын маалымдашты.

«Тиешелүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Боронов кол койду», — деп айтылат маалыматта.

Буга чейин Акылбек Осмоналиев Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматын аркалап келген.