Балбак Түлөбаев өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды

Автор -
216

Балбак Түлөбаев өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, тиешелүү буйрукка премьер-министр Кубатбек Боронов кол койду.

Буга чейин бул кызматты Акылбек Осмоналиев аркалап келген. Ал өкмөттүн аппарат жетекчисинин биринчи орун басары болуп дайындалды.

Түлөбаев 1972-жылы 21-сентябрда Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Көл-Төр айылында туулган. Ал 1990-1992-жылдары К.Скрябин атындагы Кыргыз айыл чарба институтунун ветеринария факультетинде окуган. 1997-жылы Стамбул университетинин токой чарба факультетин аяктаган. 2001-жылы К.Скрябин атындагы Кыргыз айыл чарба институтунун инженер-эколог адистигин бүтүргөн.

1996-1997-жылдары Стамбул шаарындагы «Корис интернейшнл» компаниясынын кызматкери;

1997-2000-жылдары өкмөткө караштуу токой чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун жардамчысы;

2000-2004-жылдары Жогорку Кеңештин комитеттеринин биринде кеңешчи;

2004-2010-жылдары президенттин иш башкармалыгында кеңешчи, жардамчы, бөлүм башчысы;

2010-2013-жылдары гезиттердин биринде башкы редактор, саясий баяндамачы;

2013-2018-жылдары «Аю холдинг» компаниясынын президентинин орун басары;

2018-жылдан бери Бишкек шаарынын мэриясынын аппарат башчысы болуп иштеп келген.

Бөлүшүү