Ноокатта 18 жаштагы бала сууга чөгүп кетти

Автор -

Ош облусунда 18 жаштагы бала сууга чөгүп каза тапты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

«Ноокат районунун Бел-Кайрагач айыл аймагынын Найман каналына 2002-жылы төрөлгөн бала чөгүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Издөө иштерин жүргүзүү үчүн Ноокат райондук №71 ӨКБдан 9 куткаруучу, Суу Чарба
башкармалыгынан, жергиликтүү тургундардан, ИИМден кызматкерлери тартылган», -деп билдиришет министрликтен.

Натыйжада маркумдун жансыз денеси суудан чыгарылып, туугандарына өткөрүлүп берилген.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү