ДССУ башчысы коронавирус пандемиясы тездик менен күчөп жатканын айтты

Автор -

Дүйнөдө коронавирус пандемиясы тездик менен жайылып жатат. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун башкы директору Тедрос Аданом Гебреисус 27-июлда брифинг учурунда билдирди.

Сөзүнүн башында ал ушул бейшемби күнү Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму COVID-19 илдетин коомдук саламаттык сактоо жаатында эл аралык мааниге ээ өзгөчө кырдаал катары жарыялаганына 6 ай болорун айтты.

«Эл аралык саламаттыкты сактоо эрежелерине ылайык алтынчы жолу өзгөчө кырдаал жарыяланды. Бул эң оору болду. Учурда Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунда оору жуктуруп алган 16 миллиондон ашык адам жана вирустун курмандыгы болгон 640 миңден ашуун адам катталды. Жана пандемия тездик менен күчөп баратат», — деген Гебреисус.

Жонс Хопкинс университетинин маалыматы боюнча дүйнөдө SARS-CoV-2 жуктуруп алган 16,3 миллион учур катталды. 649 миң адам каза тапты.