Татьяна Кузнецова вице-мэрликтен бошотулду

Автор -

Татьяна Кузнецова Бишкек шаарынын социалдык маселелер тармагын тейлеген вице-мэрлик кызматынан бошотулду. Тиешелүү буйрукка шаар мэри Азиз Суракматов кол койгонун бүгүн, 28-июлда, мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, Татьяна Кузнецова жазган арызынын негизинде кызматынан бошотулду. Эми бул кызматты «Бишкекжылуулукэнерго» коммуналдык ишканасынын жетекчиси Виктория Мозгачева ээлейт.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү