Улуттук госпиталга жеке коргонуучу каражаттарды алууга 4 млн сом бөлүндү

Автор -

Улуттук госпиталга жеке коргонуучу каражаттарды (ЖКК) сатып алууга кошумча 4 млн 20 миң сомдон ашык каражат бөлүндү. Бул тууралуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна таянып, Республикалык штабдан билдиришти.

2020-жылдын 28-июлуна карата аталган каражатка сатып алуулар жүргүзүлүп, 3 млн 500 миң сомго 5000 даана ЖКК, 520 миң сомго 4 160 даана респиратор алынды.

Белгилей кетсек, 2020-жылдын февраль айынан июнь айына чейин Улуттук госпиталга бюджеттик каражаттан 10 млн 376,9 миң сом чыгымдалган, жеке коргонуучу каражаттар, 1967 ашык бир жолку коргонуучу каражаттар, 32 миңден ашык беткаптар алынган.

Мындан сырткары, Улуттук госпиталга төмөндөгүдөй гуманитардык жардамдар берилген:

  • ИВЛ аппараты (7 даана);
  • бир жолку колдонулуучу коргонуучу костюмдар (2140 даана);
  • стационардык, медициналык коргоочу беткаптар (6906 даана);
  • респираторлор (1467 даана);
  • көп жолку колдонулуучу коргонуучу комбинезондор (328 даана) жана башка медикаменттер.

2020-жылдын январь айынан 20-июлуна чейин ММК Фондунун бюджетинин эсебинен Улуттук госпиталга бөлүнгөн жалпы сумма 176 млн 300 миң сомду түзгөн, анын ичинде эмгек акы жана Соцфонд чегерүүлөргө — 117 млн 400 миң сом, медикаменттерди сатып алуу жана МББ – 40 млн 600 миң сом, анын ичинде ЖОТ сатып алууга кошумча бөлүнгөн каражат- 4 млн 20 миң сом, тамак-аш азыктары – 6 млн сом жана чыгашалар коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө – 12 млн 300 миң сом жумшалган.

2020-жылдын апрель айынан июнь айына чейин Улуттук госпиталга өзгөчө шарттардагы иши үчүн компенсациялык кошумча төлөмдү төлөө — 605 миң 200 сомду түздү.

Учурда Улуттук госпиталда жалпы койка-орундуктардын саны 1070 түзөт, алардын ичинен пневмония ооруларын дарылоо үчүн 500 койка-орундук бар.

Бөлүшүү