Коронавирус жана пневмониядан кийин кантип өзүнө келүү керек? Адистин кеңеши

Автор -
445

COVID-19 илдетинен айыгып чыккан бейтаптарга калыбына келүүгө убакыт керек. Бул тууралуу бүгүн, 29-июлда, брифинг учурунда Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун директору Нурила Алтымышева билдирди.

Анын айтымында, көпчүлүк адамдар, айыккандан кийин деле кичинекей физикалык кыймыл-аракеттен дем алуусу кыйындап, алсыз болуп, тез чарчап калат. Ошондуктан алардын баарына реабилитация керек.

«Өзгөчө реабилитация оорунун орточо оор же оор түрү менен ооругандарга керек. Андыктан ден соолукту калыбына келтирүү процесси кажет. Ар бир адамда реабилитация процесси ар башкача болот», — деп билдирди Нурила Алтымышева.

Борбордун директорунун билдиришинче, оорудан айыккан бейтаптар санитардык эрежелерди сактоосу зарыл: беткап тагынуу, колдун гигиенасын, социалдык аралыкты сактоо.

Ал эми реабилитация үчүн төмөнкүлөр сунушталат:

  • Толук баалуу тамактануу зарыл. Мисалы: суюктукту көп ичүү (чай, морс, компоттор), сүт азыктары (айран, кефир);
  • Майлуу эмес эт азыктары, этти куурубастан, бышырып, шорпо же бульон жасоо жана балык сунушталат;
  • Мөмө жана жер-жемиштен жасалган пюрелер, жашылчаларды колдонуу керек. Акырындык менен рационго калориялуу тамактарды кошсо болот;
  • Физикалык активдүүлүк: бир күндө 30 мүнөткө жакын таза абада жай сейилдөө керек. Абалыңызга жараша, сейилдөөнүн убактысын көбөйтүүгө болот. Эгерде спорт менен машыккан адам болсоңуз, ден соолугуңуздун абалына жараша кайрадан машыгууну баштасаңыз болот;
  • Дем алуу гимнастикасын үйдөн, өз алдынча жасоо мүмкүн. Күн сайын 10-15 минут гимнастиканы эки-үч маал жасоого болот. Андан сыткары, 8 сааттан кем эмес уктоо зарыл. Толук кандуу уктап, эс алуу – иммунитетти көтөрөт.
  • Куурулган, туздалган тамактардан баш тартып, шекерди, ар кандай таттуу тамактарды жегенди токтотуп туруу зарыл. Ошондой эле, тамеки чегүүдөн жана спирт ичимдиктерининен алыс болуш керек;
  • Реабилитация учурунда суукка урунбоо зарыл. Аба ырайына ылайык кийинип, суукта көпкө жүрбөш керек.
Бөлүшүү