Кызыл-Кыяда 16 жаштагы бала 2 кылмыш жасоого шектелүүдө

Автор -

Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында автоунаа уурдаган өспүрүм кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 20-июль күнү Кызыл-Кыя шаарынын тургуну Кулатов көчөсүнө токтотуп койгон «Деу-Дайхатсу» үлгүсүндөгү автоунаасын таппай калган. Милицияга кайрылып, факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Кызыл-Кыя ШИИБинин кызматкерлеринин жүргүзгөн ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында, уурдалган унаа Кадамжай районунун Алга айылындагы көчөлөрдүн боюнда алды тарабы сүзүлгөн абалда табылган. Ошондой эле шектүү кылмыш жоопкерчилигинен кутулуу максатында Ош шаарында жашырынып жүргөн жеринен кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Ал Баткен шаарынын 16 жаштагы А.М. аттуу тургуну экени такталган.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө, ушул эле өспүрүм 21-июль күнү Кадамжай районунун Халмион айылындагы «Баяман баатыр» базарында иштеген К.Ж. аттуу жаранга таандык «Мерседец-Бенц Спринтер» үлгүсүндөгү унаанын ичинен сумканы уурдап кеткен. Ошондой эле сумканын ичинде 195 миң сом жана унаага тиешелүү документтер болгондугу аныкталган. Кылмышка шектүү Ош шаарынан кармалганда жанынан уурдалган сумка жана унаанын документтери далил буюм катары алынган. Учурда бул фактылар боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат.

Бөлүшүү