Акыркы суткада 50 медкызматкер коронавирустан айыгып чыкты

Автор -

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 25 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

• Бишкек ш. – 2
• Ош ш. – 4
• Ош облусунда – 6
• Жалал-Абад облусунда – 6
• Талас облусунда – 1
• Баткен облусунда – 6.

Ал эми бир суткада 6 медициналык кызматкер ооруканалардан айыгып чыгарылды. Мындан сырткары үй карантининен 44 медициналык кызматкер айыгып чыгарылды.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 2768 учур катталды, алардын ичинен 1714 медкызматкер айыкты.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү