Ысык-Көлдө бейтааныш киши айыл тургунун коркутуп, 200 миң сом талап кылган

Автор -

Ысык-Көл облусунда жаранды опузалап, акча талап кылууга шектүү адам кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, 27-июль күнү Ысык-Көл облусу боюнча УКМКнын башкармалыгына Ак-Суу районунун Теплоключенка айылынын 57 жаштагы К.Т. аттуу тургуну арыз менен кайрылган. Өзүнүн арызында ага белгисиз адам компромат маалыматтарды ачыкка чыгарбаш үчүн андан 200 миӊ сом акча каражатын опузалап талап кылып жаткандыгын билдирген.

Аталган факты Жазык кодексинин 203-беренесинин 1-бөлүгү (Опузалап талап кылуу) менен Ысык-Көл облусу боюнча УКМКБнын КЖБРне катталып, Жазык-процесстик кодексинин 153-беренесинин (Тергөөнүн караштуулугу) негизинде тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн материалдар Ысык-Көл ОИИБдин тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.

Жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иштердин натыйжасында акча каражаттарын опузалап жаткан шектүү адамдын өздүгү аныкталып, ал 49 жаштагы Каракол шаарынын тургуну Б.А. болуп чыкты.

30-июль күнү Ысык-Көл ОИИБдин тергөө кызматы жана уюшкан кылмыштуулуккка каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан өткөрүлгөн тергөө-ыкчам иштеринин натыйжасында шектүү Б.А. кармалып, анын автоунаасынын ичинен жактоочунун катышуусунда далил зат катары 150 миӊ сом өлчөмүндө акча каражаты табылып алынды.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү