Чычкан капчыгайындагы жол кырсыгында эки адам каза тапты

Автор -

Бишкек-Ош унаа жолунун Чычкан капчыгайында жол кырсыгы катталып, 2 киши каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 4-августта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Чычкан капчыгайында Жигули жана Фура унааларынын катышуусунда жол кырсыгы катталды. 

«Кырсыктын кесепетинен 1956-жылы туулган 1 аял киши жаракат алып, 2 эркек киши каза болгон. Анын бири 1953-жылы туулган айдоочу, экинчисинин туулган жылы такталууда. Куткаруучулар каза болгон жарандардын денелерин унаадан чыгарып? Ички иштер министрлигинин кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Ал эми жабыркаган жаранды тез жардам кызматына өткөрүп беришкен. 4 куткаруучу тартылган», — деп жазылат маалыматта.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү