Кадамжайлыктар Ош шаарындагы дарыгерлерге жарым тонна кыям жөнөтүштү

Автор -

Кадамжай районунун жашоочулары Ош шаардык жана облустук ооруканасында иштеп жаткан медицина кызматкерлерине жарым тонна малинадан жасалган кыям жөнөтүштү. 

Республикалык штабдын маалыматына караганда, бул кыямдар азыркы кырдаалда изоляция, обсервация, стационарларда иштеп жаткан дарыгерлерге таратылат.

«Дарыгерлер тартып жаткан түйшүктү көрүп, Кадамжай районунун тургандары короосуна эккен малинадан кыям жасап, медкызматкерлерине берели дегенбиз. Анткени малинада витамин көп, пайдалуу экенин дарыгерлер өздөрү айтып келишет», — деп билдирди «Кадамжай» жардам штабынын координатору Айтмат Азамжан уулу.

Анын айтымында, Бишкек шаарындагы дарыгерлерге дагы кыям жөнөтүлөт.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү