ДССУ: Коронавируска каршы дары эч качан болбой дагы калышы мүмкүн

Автор -

Дүйнөгө кеңири жайылган коронавирус инфекциясынан толук айыктырчу дары азыркы учурда дүйнөдө жок жана дары эч качан болбой калышы дагы мүмкүн. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун башчысы Тедрос Аданом Гебреисус билдирген.

«Учурда бир катар вакциналар үч фазалуу клиникалык сыноолордо турат. Бардыгыбыз инфекциянын алдын алууга жардам бере турган натыйжалуу вакциналарды алабыз деп үмүттөнөбүз. Бирок учурда коронавируска каршы идеалдуу дары жок жана дары эч качан болбой калышы дагы мүмкүн», — деген Гебреисус.

Тедрос Аданом Гебреисус буга чейин коронавирус пандемиясынын толкундары ондогон жылдар бою сезилип турарын айткан.

Акыркы маалыматтар боюнча, дүйнөдө коронавирус инфекциясы аныкталган адамдардын саны 18 миллион 117 миң 821 адамга жетти.

Бөлүшүү