Сейфте 2 миллион сом болгон. Бишкекте турак үйгө ууруга киргендер кармалды

Автор -
375

Ленин РИИБинин кызматкерлери сейфтен 2 миллион сомдон ашык акча уурдаганга шектелген жарандарды кармады. Бул тууралуу Ленин РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 5-май күнү Ленин РИИБине шаар тургуну арыз менен кайрылган. Арызда ошол эле күнү белгисиз адамдар Пушкин көчөсүндө жайгашкан үйүнүн терезесин сындырып, сейфтеги акчасын уурдап кеткени жазылган. Сейфте 2 миллион сом, 1400 доллар, 625 евро жана 250 миң рубль бар болгон.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки териштирүү башталган.

Жүргүзүлгөн ыкчам иштердин натыйжасында шектүү катары 1979-жылы туулган К.И. жана 1975-жылы туулган Т.Т. аттуу жарандар кармалган. Шектүүлөрдүн баш коргоо чарасы каралып, алар эки айга СИЗО-1ге камакка алынды.

Учурда шектүүлөрдүн башка ушул сыяктуу кылмыш иштерге тиешеси бар же жогу текшерилүүдө.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү