Пандемия: Баткенде 90 орундуу оорукана камдалат

Автор -

Баткен облусунда 90 орундуу оорукананын курулушу башталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Ал үчүн Баткен шаарында жайгашкан мурдагы облустук Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун имаратын капиталдык оңдоп түзөөдөн өткөрүп, жугуштуу оорулар ооруканасына ыңгайлаштырылат.

«Оорукананын курулуш иштери үчүн мамлекет тарабынан 12 млн сомдон ашык каражат бөлүнгөн. Учурда жумуш башталып, бир айлык мөөнөттө курулушту бүткөрүү аракети көрүлүп жатат», — деп билдирди Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алишер Абдрахманов.

Өкмөттүн билдиришинче, коронавирус пандемиясынан улам учурда өлкөнүн бардык аймактарында эски имараттар капиталдык ремонттон өткөрүлүп, оорукана катары пайдаланууга даярдалып жатат.

Буга чейин Нарын шаарында капиталдык ремонттон өткөрүүгө ылайыктуу имарат болбогондуктан республикалык штабдын чечими менен 70 орундуу жаңы бейтапкана курула баштаганы кабарланган.

Бөлүшүү