Бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен (пневмонияны эске алганда) 816 бейтап сакайып чыкты. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.
Бишкек – 217
Чүй облусу – 93
Ош облусу – 56
Талас облусу – 64
Нарын облусу – 20
Ысык-Көл облусу – 110
Жалал-Абад облусу – 158
Баткен облусу –59
Ош шаары – 39
Бардыгы болуп илдеттен 28 743 адам айыгып үйлөрүнө чыгарылды.