Ырчы Асел Кадырбекова үйүнө чыгарылды

Автор -

Автокырсыкка кабылып, ооруканада дарыланып жаткан ырчы Асел Кадырбекова ооруканадан үйүнө чыкты. Бул тууралуу Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун директору Сабырбек Жумабеков билдирди, деп жазат Super.kg

Дарыгердин айтымында, ырчынын ден соолугу учурда жакшы.

«10 күн мурун ооруканадан чыккан. Үйүндө дарылануусун улантып жатат», — деди ал.

Эскерте кетсек, 26-июнда Бишкек шаарында эки унаа кагылышып, 3 адам жаракат алган. Анын бири ырчы Асел Кадырбекова болуп чыккан. Ал оор жаракаттары менен Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна жеткирилген.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү