Бир сутка ичинде коронавирус жана коронавирустук пневмониянын 569 жаңы учуру катталды. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.
Жаңы учурлардын аймактар боюнча саны:
Бишкек — 190
Ош – 84
Чүй облусу – 45
Ош облусу — 64
Талас облусу – 43
Нарын облусу – 13
Ысык-Көл облусу – 41
Жалал-Абад облусу – 47
Баткен облусу — 42
Март айынан бери өлкөдө 38 110 адам коронавирус жуктурганы лабораториялык жактан тастыкталды. 29 510 адам айыгып чыкты.