Сутка ичинде 767 адам коронавирустан айыгып чыкты

Автор -

Бир сутка ичинде COVID-19 (пневмонияны эсепке алганда) илдетинен сакайып чыккандардын саны 767 адамды түздү. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Анын айтымында, Бишкек шаарында 184 адам бул илдетти жеңип, үйлөрүнө чыгарылды.

Калган аймактарда ооруканадан чыгарылгандардын саны:
Ош шаарында – 65,
Чүй облусунда – 104
Ош облусу – 102
Талас облусу – 77
Нарын облусу – 9
Ысык-Көл облусу – 80
Жалал-Абад облусу – 98
Баткен облусу – 48

Бардыгы болуп, коронавирустан март айынан бери 29 510 адам айыкты.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү